Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 27 -январы № 12/11-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо” Агентствосу (АРИС) тарабынан “Айылды инвестициялоо” долбоорунун негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн К.Айдарбеков атындагы орто мектебине жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн К.Айдарбеков атындагы орто мектебине жабдууларды алуу” боюнча иштелип чыккан долбоорун жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5% өлчөмүндөгү жалпы суммасы – 65 575 (алтымыш беш миң беш жүз жетимиш беш) сом акча каражатын сметалык төлөмү бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн К.Айдарбеков атындагы орто мектебине жабдууларды алуу” долбоору колдоого алынса, 65 575 (алтымыш беш миң беш жүз жетимиш беш) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – М.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |