УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 22 -марты № 15/III -27
2017-жылдын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Мыйзамынын 47-беренесинин негизинде, мамлекеттик башкарууну эффективдүү өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн темпин жогорулатуу жана аткаруу бийлигинин иштешин активдештирүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын 2017-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнө, бюджеттик мекемелердин жана менчик формаларына карабай бардык чарбалардын жетекчилерине, 2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткаруу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |