Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 22 -марты № 17/III -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “ Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Штаттык тизмедеги негизги эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөрдөн штаттык бирдиктер бекитилсин:
Айыл өкмөтүнүн аппараты – 14 бирдик
Турак-жай, коммуналдык чарбасы – 2,5 бирдик
Китепкана – 1,5 бирдик
Маданият үйү – 3 бирдик
2. Штаттык тизмедеги атайын эсеп боюнча төмөнкү бөлүмдөн: Турак-жай, коммуналдык чарбасы – 10 бирдик
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |