Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 22 -марты № 21/III -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “ Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Джер-Казар айылынын маданият үйүнө керектүү эмерек жана жабдууларды алуу иштерин жүргүзүү” боюнча Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырыла турган “Маданият бул-ыймандуулук жана адептүүлүк” долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Джер-Казар айылынын маданият үйүнө керектүү эмерек жана жабдууларды алуу иштерин жүргүзүү” боюнча долбоорго кош каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10% өлчөмүндөгү жалпы суммасы – 100,0 (жүз миң) сом акча каражатынын сметалык төлөмү бекитилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Джер-Казар айылынын маданият үйүнө керектүү эмерек жана жабдууларды алуу иштерин жүргүзүү” боюнча долбоору колдоого алынса, 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |