Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 30/IV-27 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 22 -марты № 23/III -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга болгон жергиликтүү бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекс” мыйзамынын негизинде жана 2018-2020-жылдарга бюджеттин божомолун карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин божомолу:
- 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 8011,1 миң сом;
- 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 8087,5 миң сом;
- 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 8118,8 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты колдоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы – М.С.Осмоналиевге жуктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |