Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 22 -марты № 24/III -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн ичкен суу пайдалануучуларына ай сайын киши башына 20 сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин.
2. Жашы жетип чыккан пенсионерлерди ичүүчү суу үчүн болгон төлөмүнөн бошотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - М.С.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |