Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 27 -июну № 27/IV -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартиптин абалын көзөмөлдөөчү милициянын участкалык инспектору – капитан С.И.Тажыкановдун “2017-жылда жасаган иш-чаралары жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айыл кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт: милициянын капитаны С.И.Тажыканов айыл өкмөтүнүн карамагындагы Төмөнкү-норус, Дружба, Жер-Казар айылдарында коомдук тартиптин абалын көзөмөлдөйт. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 384,385 94 – беренелери боюнча административдик протоколдор түзүлгөн жана ар кандай беренелер боюнча 7 кылмыш иши ачылган. Ошондой эле, айыл ичиндеги ар кандай тартыш маселелерди чечүүдө ар дайым активдүү иш алып барат.
Жогорудагы көрсөтүлгөн маселелерди карап, Узун-кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартиптин абалын көзөмөлдөөчү милициянын участкалык инспектору – капитан С.И.Тажыкановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартиптин абалын көзөмөлдөөчү милициянын участкалык инспектору – капитан С.И.Тажыкановдун иши канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык суроолор, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Н.Кыдыралиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |