Редакцияот 27.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -июну № 28/IV -27

Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы жана Жайыт комитетинин жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы- Б.Умурзаковдун “Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы жана Жайыт комитетинин жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айыл кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт: “Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатта айыл өкмөтүнүн аймагында 2009 жылы Жайыт комитети түзүлгөн. Айыл ичиндеги жайыттардын ченеми 131 гектарды түзөт жана бул жерлер үчүн бир жыл ичинде 1415 сом жер салыгы төлөнөт. Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган АРИС программасынын долбоорунун негизинде Жайыт комитетинин бөлмөсү техникалык каражаттар ( компьютер комплектиси, эмеректер) менен жабдылган. Ошондой эле, 2018 жылдын аягына чейин АРИС долбоорунун жардамы менен ири мүйүздүү малга чатыр жана койлор үчүн коруктарды куруу каралууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди карап, Узун-Кыр айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин төрагасы –Б.Умурзаковдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин төрагасы –Б.Умурзаковдун иши канааттандырарлык деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - К. Душекеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев