Редакцияот 27.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -июну № 31/IV -27

Бюджеттик ссуда алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы 60 чы номерлүү Бюджеттик Кодекстин 12-главасынын 57- беренесинин 1пунктуна ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К. Жумаканованын “Бюджеттик ссуда алуу жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен каржыланган түрткү берүүчү грант аркылуу ишке ашуучу долбоордун өздүк салымын төлөө үчүн, 650,0 миң сом акча каражатын бюджеттик ссуда катары алуу бекитилсин.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы –С.А.Чокошовго бюджеттик ссуда алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык керектүү бардык иш-кагаздары даярдалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы-М.С. Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев