Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 33/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын 2017 жылы Кыргыз Республикасынын “Жер салыгы жана төлөмдөр жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумакановага, киреше боюнча башкы адиси А.К.Кудайбергеновага:
- жер салыгынын калдык бөлүгүн чогултуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү күчөтүлсүн;
- бюджеттин киреше бөлүгү кирешенин жаңы булактарын табуу жана каттоого коюу жолу менен толтурулсун;
- пайдаланган жер тилкесинин салыгын төлөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү күчөтүлсүн;
- мамлекеттик фонддун жерлеринин ижара төлөмдөрүн чогултуу боюнча күчөтүү иш-чаралары жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |