Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 35/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №7 “Нур бакча” бала бакчасы 2007 жылдын март айынан тартып иштейт.
Бала бакчанын мекемеси 1972 жылы курулган. Мекеме эки кабаттуу, жалпы аянты 8221,5 кв.м түзөт.
2016-2017 окуу жылы тизме боюнча тарбиялануучулардын саны- 180 бала, ар кандай жаштагы балдар, бардыгы 5 тайпага бөлүнгөн.
Штаттык тизим боюнча кызматкерлердин саны 23 адам ( башчысы, музыка сабагы боюнча кызматкер, 6 тарбиячы, кыргыз тили боюнча мугалим), тех. кызматкерлер 13 адам.
Биздин алдыбызга коюлган маселелерди чечүү үчүн бала бакчада системалык түрдө алгылыктуу иш – чаралар жүргүзүлөт.
Бул маселелерди чечүү үчүн биз тарбиялоону: рационалдуу тамактандыруу, денелерин чыңдоо, көнүгүүлөрдү, спорттук оюндарды жана эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо жолу менен өнүктүрүүдөбүз.
2017-2018 окуу жылы өткөрүлгөн иш чаралар:
- “Окуу күнү”
- “Күзгү бал” түшүм майрамы
- “Жаңы жылдык” майрам
- “Мекенди коргоо” күнү 23 февралга карата
- “Энелер күнү” 8-март майрамына карата
- “Бүтүрүү кечеси”
Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган Өнүгүү Саясат Институту өткөргөн конкурска катышып эки камерлүү муздаткыч жана мөмө жемиштер үчүн себеттерди утуп алдык. Демөөрчүлөр тарабынан балдар үчүн кенсе буюмдары, оюнчуктар, мөмө жемиштер жана таттуулар сатып алынды. Бала бакчанын утурумдук ондоо иштери жасалды. Бала бакчага идиш-аяк, төшөктөр жана башка буюмдар сатып алынды.
Демөөрчүлөр тарабынан бардыгы 251320 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатына жардам көрсөтүлдү. Бул жетишкендиктер менен бирге чечилбеген маселелер көп. Бала бакчанын кир жуучу жайын оңдоо жана кир жуучу машина (автомат) сатып алуу, бала бакчанын айланасын тосуу иштери турат. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Нур бакча” бала бакчасынын жетекчиси Э.Ш.Мусинанын “2016-2017 жылдардагы жасаган иш-чаралары жөнүндөгү” билдирүүсү эске алынсын.
2. “Нур бакча” бала бакчасынын жетекчиси Э.Ш.Мусинага:
- бала бакчаны мындан ары да өнүгүүсүн жакшыртуу максатта, инвестиция тартуу боюнча иш-чараларын жүргүзүү жандандырылсын;
- балдардын коопсуздугу жана тайпаларды түзүү үчүн бардык коюлган талаптар аткарылсын;
- ар бир айдын 10 на чейин бардык финансылык төлөмдөр, балдардын тамагы үчүн ата-энелердин төлөмдөрү айыл өкмөтүнүн кассасына төлөнсүн;
- бала бакчага кабыл алуу, сөзсүз түрдө социалдык суроолор боюнча комиссиясынын жолдомосу аркылуу жүргүзүлсүн;
- бала бакчанын имаратын оңдоо иштерин өз убагында сапаттуу өткөрүп, 2018 жылдын 1 сентябрында балдарды кабыл алуу үчүн тайпалар даярдалсын;
- бала бакчага бөлүнгөн электр энергиясынын ченеминин сакталышына көзөмөл жүргүзүлсүн;
- квартал сайын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адиси Г. Усубалиевага “Нур бакча” бала бакчасынын финансы чарбалык иш-чаралары жөнүндө билдирүүсү берилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджет жана каржы жана социалдык суроолор, тартип, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын төрайымдарына ( Н.Кыдыралиева, А.Мусаева ) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |