Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 37/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүндө дем берүүчү гранттын алкагында жүргүзүлгөн долбоордун негизинде, Джер-Казар айылындагы К.Айдарбеков атындагы орто мектептин терезе жана эшиктерин которуу иш-чараларынын бүтүшүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу-өткөрүү актысына ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “К.Айдарбеков атындагы орто мектептин терезе жана эшиктерин айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу” боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джер-Казар айылындагы К.Айдарбеков атындагы орто мектептин, жалпы суммасы 2219154 (эки миллион эки жүз он тогуз миң жүз элүү төрт) сом акча каражатына оңдолуп бүткөн терезе жана эшиктери Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |