Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 38/V -27
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги “Жер казынасы” Мыйзамына ылайык, 2017-жылдын 4-майындагы 5386 номерлүү “Казып иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна” берилген лицензиянын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 32 беренелерине ылайык, Узун-Кыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КG STONE” (Кей Джи Стоун) Жоопкерчилиги чектелген коомуна Төмөнкү-Норус айылы, № 299- контурда жайгашкан БСРдин экинчи скважинасын жана скважинанын айланасынан 0,04 га жер тилкеси (жайыт жери), 2026-жылдын 4-майына чейин убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин башчысы –Б.Умурзаковго: “КG STONE” (Кей Джи Стоун) Жоопкерчилиги чектелген коому менен мыйзам чегинде 0,04 га жер тилкесине убактылуу пайдалануу келишими түзүлсүн.
3. Ысык-Ата райондук мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укугун каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан убактылуу пайдалануу укугу бекитилген мыйзам чегинде каттоо жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн агрардык суроолор боюнча комиссиясынын төрагасы К. Душекеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |