Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 39/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Дружба айылынын маданият үйүноңдоо иштерин жүргүзүү боюнча дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн “Дружба айылынын маданият үйүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо үчүн жалпы суммасы 933 426 (тогуз жүз отуз үч миң төрт жүз жыйырма алты) сом акча каражатынын сметалык төлөмү бекитилсин.
2. Дружба айылынын маданият үйүн оңдоо иштерин жүргүзүү долбоору колдоого алынса, 933 426 (тогуз жүз отуз үч миң төрт жүз жыйырма алты) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен 2018-жылы кечиктирилбестен каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы - А. Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |