Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 40/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына:
- К.Айдарбеков атындагы орто мектептин мектепке чейинки даярдоо классына Кыргыз Өкмөтүнүн Эл агартуу министрилиги тарабынан бөлүнгөн көрсөтмө куралдар – 30466 миң сом, балдарды өнүктүрүүчү оюнчуктар – 107559 миң сом, килем 2 даана – 24 804 миң сом;
- мектептеги спорттук машыгуу комплексине инвесторлордун жардамы менен бөлүнгөн спорттук инвентарлар – 167100 миң сом;
- “Нур бакча” бала бакчасына Саясий Өнүктүрүү институту тарабынан бөлүнгөн жалпы суммасы – 24975 миң сомду түзгөн муздаткыч;
- Жер-Казар айылынын Тоголок Молдо көчөсүнө таза суу киргизүү үчүн суммасы – 339880 миң сом анын ичинен, жергиликтүү бюджеттен – 93380 миң сом, спонсордук жардам – 246500 миң сом. Жалпы суммасы – 694784 миң сомду түзгөн каражаттар алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |