Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 41/V -27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлеринин 2017-жыл ичинде алып барган иштери жөнүндөгү” маалыматын угуп, талкуулап жана турак-жай коммуналдык чарбасынын кызмакерлеринин жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендери үчүн, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлеринин жыл ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн жана айлык акысынын аздыгына байлануштуу, жаңы жылдык майрамга карата материалдык жактан сыйлоо, социалдык колдоо көрсөтүү максатында турак-жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлери бир кызматтык айлык өлчөмүндө сыйланышсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |