Редакцияот 20.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 20 -декабры № 42/V -27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык акы берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүү үчүн сыйлык акы төлөп берүү бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мусаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев