Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 20 -декабры № 43/V -27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-октябрындагы №230 Токтому менен бекиген дем берүүчү гранттын негизинде долбоорлорду тандап алуу жана каржылоо жөнүндөгү Жобого жана Нускамага, ылайык жана айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткаруу, айылдын инфраструтурасын жакшыртуу, ылайыктуу шарттарды түзүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн жасалган иш-чараларды крап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы – С.А.Чокошов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дем берүүчү грант аркылуу өткөн долбоорлорду өз убагында, ийгиликтүү иш зүзүнө ашыруу үчүн өзгөчө кошкон салымдары үчүн айыл өкмөтүнүн төмөнкү кызматкерлеринин 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө акча каражаты менен сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каржаты бөлүнсүн.
- Усупбаева Т.Д – жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси
- Айдарбекова Б.А. – экономист-статист
- Усубалиев А.О. – турак-жай жана коммуналдык чарбанын бригадири
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы - А.Мусаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |