Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 31 -майы № 17/2
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкер Б.Айтбаевтин кайрылуусу көнүлгө алынсын.
2. Таштандыларды чыгаруу боюнча төмөнкүдөй тарифте бекитилсин: Бир ай үчүн ар бир кожолуктан 80-сомдон.
3. Айыл өкмөт аймагындагы социалдык обьектилер мектептер ,бала бакчалар, УБДТ, ФАП, Медресе, Мечиттер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жеңилдиктерден пайдалануучу атуулдардын таштандыларын акысыз ташып берүү жагы жеке ишкер Б. Айтбаевке милдеттендирилсин.
4. Жеке ишкерлер менен өз ара келишим түзүү менен иш алып барсын.
5. Бир айда эки жолу таштандыларды алып чыгуу жагы жеке ишкерге милдеттендирилсин.
6. Жеке ишкер Б.Айтбаевке Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын чегинде ишкердик жүргүзүү жана ченемдик укуктук актыларын бузбоо жагы жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары | Б. Сатывалдиев |