Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018 -жылдын 4 -июлу № 3/3
Күнтуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Аскарбековдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кичи-Шалта айылынын тургуну Бактыбек Термечиковдун учурда колдонуп жүргөн жер тилкеси, системалык регистрациядан өтпөй калгандыгына байланыштуу, баардык документтеринин топтому жана актысы менен кайрадан жер комиссиянын кийинки отурумунда каралсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Сейдалиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |