Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018 -жылдын 4 -июлу № 3/5
Күнтуу айылдык кеңеши Бегалиев Тилек Кубатбековичтин суроосун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагынын жайыттарын жакшыртуу максатында кош салым катары, айыл тургундарынан, ар бир үй башына 300 сомдон акча каражаты чогултулсун;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Сейдалиев айыл тургундары менен жыйындарды өткөзүп, түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;
3. Акча каражатын көзөмөлгө алуу боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
1.Козубеков Марат Сатыгулович
2.Батыркулова Джийдекуль Чотоновна
3. Нургазы уулу Илияс
4. Тагаев Нурлан Нышанбаевич
5. Айылчыев Рустам Милиянович
4. Комиссиянын курамы чогултулган акча каражаты боюнча маалыматты кийинки отурумда берсин;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |