Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018 -жылдын 4 -июлу № 3/11
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевдин маалыматын угуп, Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы таштандылар ар бир үйгө 50 сомдон (элүү сом) чогултулсун;
2. Таштандыларды чогултууда акча каражаты ар бир жылда этап менен 10 сомго көтөрүлсүн, өзүн өзү каржылаганга жеткенге чейин;
3. 2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 миң(жүз миң) сом акча каражаты таштанды чыгарууга бөлүнүп берилсин;
4. Ар бир айылга жумасына бир жолу бекитилген графикке ылайык чыгарылсын;
5. Баардык документтер мыйзам чегинде каралсын;
6. Бул токтомдун аткарылышын Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиевге милдеттендирилсин;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |