Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык аймактык Кеңешинин 6-чакырылышынын 3 сессиясы
2013-жылдын 2 -апрели № 3
1. «Вертекс Голд» компаниясынын 2013 жылга Аманбаев айылында Социалдык пакетке берилген финансы каражаты өз багытына ылайык максаттуу жумшалсын.
2. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия-социалдык объектер болуп эсептелген айылдык оорукана, бала-бакча, мектептин акыбалдарын жеринен изилдеп жасала турган жумуштарды 10 күндүк мөөнөттө тактап чыксын
3. Жасала турган жумуштарды көзөмөлгө алуу үчүн депутаттардын курамынан турган:
Мураталиева А.
Кочкорбаева Э.
Керимбаев Н.
Убактылуу комиссия түзүлсүн.
4. Эсеп-кысап жүргүзүү, келишимдерди түзүү айылдык Кеңештин депутаты Керимбаевге Н., жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Аманбаев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У. Нуралиевге жүктөлсүн.
Төрага | Джеенчороев К.С. |