Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 51/У111-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы О.Котлярованын “2017 жылдын бюджетин аткаруу жана 2018 жылдын бюджетин бекитүү жана 2019-2020 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык акча каражаттарын беренелер жана бөлүмдөр боюнча бөлүп берүү, ресурстар маселелер жана максаттардын так жазылуусун көрсөткөн айылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө жергиликтүү бюджеттен чыгашалары багытталгандыгын айыл өкмөт белгилейт Айыл аймагынын бюджеттик угуулары талкууланды. Бюджет жана каржы комиссиясынын отурумундагы бюджеттик угууда айтылган эскертүүлөр, сунуштар эске алынып бюджеттик долбоорго өзгөрүүлөр киргизилди.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2017 жылга Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн бюджетинин планы 15585,6 мин сом аткарылгандыгы чыгаша, киреше тууралуу отчёту бекитилсин .
2. Ак-Кудук айыл аймагынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн 2018 жылга бюджет планы бекитилсин.
- Киреше бөлүмү боюнча- 17479,5 мин сом
- Чыгаша бөлүмү боюнча – 17479,5 мин сом
- Анын ичинен бюджеттик эсеби – 15709,5 мин сом
- Аппарат - 2904,8 мин сом
- Коомдук тартипке – 23,3 мин сом
- ЖКХ - 3361,2 мин сом
- Китепкана - 347,6 мин сом
- Клуб - 1175,8 мин сом
- Бала бакча - 3049,0 мин сом
- Мектеп - 4040,8 мин сом
- Социалдык камсыздандыруу – 800,0 мин сом
- Жайыт комитети – 7,0 мин сом
- Анын ичинде эсептик счеттон – 1770,0 мин сом
- Бала бакча – 1160,0 мин сом
3. 2017 жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2018 жылдын бюджетинде каралган бөлүнгөн каражатка жараша (ассигнованиенин чегинде) жана анын эсебинде компенсациялансын.
4. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтөп пайдаланууга тыюу салынсын.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу бюджетке өзгөрүулөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык Кенещтин депутаттарынын макулдугу менен бекитилсин.
6. Каржы экономика бөлүмүнө жергиликтүү бюджети аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана социалдык программаларды ишке ашыруу, өкмөттүн токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Ак-Кудук айылдык Кенешинин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, комуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.
7. Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 1000 сомдно 5000 сомго чейин материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калаган шарттарда каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
8. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен тамак аш үчүн күнүнө 100 сом төлөп берилсин.
9. Мектепке чейинки мекемелерге жергиликтүү бюджетен тамак ашка карата норматив ар бир балага күнүнө 60 (алтымыш) сом суммасында бекитилсин.
10. Айыл өкмотүнүн 2019 жылга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын, киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы 16011,7 мин сом, 2020 жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы 16374,7 мин сом.
11. Кайтарым акча каражатарынын калдыгын бектиүү-100,0 мин сом.
12. Бекитилсин: жыл башындагы бюджеттик эсебинен бекер калган -4317,0 мин сом, атайын каражат- 237,1мин сом.
13. Штаттык расписаниеге ылайык айлык акысынын фонд чегин бекитүү.
14. 1-5 тиркемеге ылайык штаттык расписаниени бекитүү.
15. 2018 жылга карата сатып алуулар планын бекитүү.
16. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |