Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 52/У111-27
“2017 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана “2018 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө ” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.
2018 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планына айылдарды абаттоо, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана аймактын көйгөйлөрүн чечүү каралган.
АК КУДУК АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛДЫ
1. “2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Кудук айыл аймагынын 2018 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча объектилерди куруу жана ондоо иш чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2018 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.
4. Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |