Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 56/У111-27
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2018 жылдын 23-январындагы “Ак-кудук айыл өкмөтүнүн жер тилкесин инвентаризациялоо боюнча материалдарды бекитүү жөнүндө” № 3 чечимин жана ГПИ “Кыргызгипрозем” сунуштамасын карап чыгып Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. ГПИ “Кыргызгипрозем” сунуштамасынын жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн “Ак-кудук айыл өкмөтүнүн жер тилкесин инвентаризациялоо боюнча материалдарды бекитүү жөнүндө” 2018 жылдын 23 январындагы № 3 чечими бекитилсин.
2. Ак-Кудук айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоочу материалдарды Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан бекитип берүүнү сурануу
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин агрардык маселе боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |