ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 6-октябры № 77
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө Келишим бекитилсин
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө Келишим бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |