Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 116/16-4
Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 9-январындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясына “146 ишеним телефон” кызматынын функцияларын жүктөө менен жоюулсун.
2. Токмок шаарынын мэри (Ж.Дж.Шамыралиев) Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлерин тийиштүү шарттары менен калкты тейлөө үчүн жүктөлгөн функцияларын оперативдүү жана өз учурунда аткаруу жолу менен камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |