Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 125/17-4
Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын 26.01.2018-ж. чыг.№058/18/05-1/807 катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 2-февралындагы протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин” 4-б.,339-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына Токмок шаарынын үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктору менен пайдаланганы үчүн жер салыгынын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын эсептешүүлөрдө колдоонуу үчүн К3 зоналык коэффициенти төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:
Зоналарынын категориясы | Токмок ш. кварталдарынын № | Колдонулуучу коэффициенттер (К3) |
I - зонасы | 17,18,19,20,21,22,23,24,25,26,27,28,29,30,31,32, 33,34,35,36,37,38,39,42,43 | 1,2 |
II - зонасы | 1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,40,41,44, 45,46,47 жана өнөр жай зонасы | 1 |
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |