Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-марты № 128/19-4
Токмок шаардык мэриясынын Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан каражатталган долбоордук сметалык документтеринин даярдыгы тууралуу катын карап жана талкуулап, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминини негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык мэриясына Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан каражатталган төмөнкү социалдык долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилсин:
- Токмок шаарынын айымагында балдар ойноочу аянтчаларды орнотууга, тактап айтканда:
3 кичи район № 19,21,22 үйлөрүнүн арасында;
3 кичи район № 51,52 үйлөрүнүн арасында;
3 кичи район № 29,30,31үйлөрүнүн арасында;
3 кичи район № 17 үйлөрүнүн арасында;
1 кичи район № 11,12,13 үйлөрүнүн арасында;
Мейманкана районунун № 21,19 үйлөрүнүн арасында;
Мейманкана районунун № 4, 20 үйлөрүнүн арасында;
Күн чыгыш № 126 үйүнүн арасында;
Аскердик шаарча районунун № 126 үйү;
Жаңы конуштун Северцев көчөсүнө.
- Кичи- футболдук талаачасын Темир жол көчөсүнө курууга;
- Шамшы/Ленин, Шамшы/Жантаев, Жантаев/Завод көчөлөрүнүн жол чырактарын (светофор) капиталдык ремонт кылууга;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |