Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 130/20-4
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин депутаттык комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Янахунов Л.Я. – жеке арызынын негизинде, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Жусупов М.З. – жеке арызынын негизинде, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак-жай кызматтары боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын;
Сатыбалдиев У.С. – төраганын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Казакбаев Т.З. – Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча комиссиянын курамына киргизилсин;
Киртенов Ж.К. – орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиянын курамына киргизилсин;
Кальченко В.Г. – өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык турак-жай кызматтары боюнча комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |