Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 134/20-4
Токмок шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет көчөсүнөн – Өтмө жолдун автобус бекетинде унаа паркинги үчүн жекшемби күндөрү 10 (он) сом өлчөмүндө акы алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |