Редакцияот 14.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 14-майы № 136/21-4

Токмок шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаардык мэриясынын  Токмок шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруу түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечимин карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесин жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чотбаев Кадырбек Каныбековичти  – Токмок шаарынын биринчи  вице-мэри болуп дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардык этикасы  жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев