Редакцияот 14.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 14-майы № 138/21-4

Бюджеттик ассигнованиелерди «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси боюнча максаттуу багытта өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын “3111 беренесинен ич ара 2200,0 миң сом акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү” катын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды каржылоого мурда каралган сумманын эсебинен 2200,0 миң сом бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануу үчүн, жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев