Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 140/21-4
Токмок шаардык прокуратурасынын Токмок шаардык кеңешинин 2018 жылдын 20-мартында кабыл алынган № 127/19-4 токтомуна болгон нааразычылык катын карап жана талкуулап, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестициаларды тартуу боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-мартындагы № 127/19-4 “Токмок шаарынын 2017-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө” токтомуна чыгаша бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр жана жылдыруулар бөлүгүнүн № 2 тиркемесине, Кыргыз Республикасынын Чүй башкармалыгынын кызматкерлерине сый акыга жана материалдык жардамга берилген 220,0 миң сом суммасында азайтуу киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин бюджет, каржы, салыктар жан инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына жана Токмок шаарын мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |