Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 143/21-4
Токмок шаарынын мэриясынын “Имараттар жана курулуштар 3111 беренеси боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу” жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле, 2018-жылдын 28-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын депутаттык комиссиясынын отурумунун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн аппараты жана борбордоштурулган эсеп-кысап бөлүмү боюнча бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинин эсебинен азайтылуусу менен 300,0 миң сом суммасын көбөйткөнгө жана ошондой эле, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүнүн ичинен 38,0 миң сом бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |