Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 146/22-4
Токмок ш. тургуну У. Есенбаевдин жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү арызын, Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып жана өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
-Токмок ш. Гагарина № 75 көчөсүндө жайгашкан У.Есенбаевдин жеке менчигиндеги 1440 ч.м. жер тилкесин П-1 зонасынан (өнөр жай ишканалар) Ц-1 (шаардын борбору) зонасына сатуу борборун салуу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу өнөр жай , курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |