Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 147/22-4
2018-жылдын 26-июнундагы «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө» Жобону, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- Идрисов Садырбек Можинович – Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
- Санжуров Рахи Мусарович – Токмок шаардык кенешинин депутаты;
2. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.
3. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарынын ысымдары Токмок шаарынын Даңк китебине жазылсын, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» шаардык тактасына фотосүрөтү жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |