Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 149/23-4
Токмок шаарынын мэриясынан келип түшкөн “Токмок Жылуулук” МИнын аймагында жайгашкан ”В” жана “Г” күнөөскана объектилерин жалпы аянты 1904,6 чарчы метр, Токмок шаарынын КИКнын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатынын балансына “Токмок Жылуулук” МИнын аймагында жайгашкан жалпы аянты 1904,6чарчы метр, “В” жана “Г” күнөөскана объектилерин өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк жүргүзүү, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлөт.
Төрага | Т.А. Солтобаев |