ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXIII СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 4-июлу № 151/23-4
Токмок шаарынын турак жай боюнча комиссиясынын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын “турак жай боюнча комиссиянын жобосуна” өзгөртүү киргизүү жөнүндө катын карап, өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча комиссиянын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу” жөнүндө мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-апрелиндеги №02/14-3 токтому менен бекитилген Токмок шаарынын турак-жай боюнча комиссиясынын жобосуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3-пунктунда
“Токмок шаардык кеңешинин токтому” деген сөз
“Токмок шаарынын мэриясынын буюрмасына” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык-турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |