Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-июлу № 152/23-4
Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармасынын балансына МККТжАКД имаратын алууга макулдук берүү жөнүндө катын карап, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Чуй-Кемин бөлүмчөсүнүн имаратын Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармасынын балансына кайтарымсыз негизде алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |