Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3 -марты № 15
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн экономист-статисти М.Токталиеванын билдирүүсүн жана депутаттардын берген суроолоруна жообун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. 2017-жылга карата бюджета 2017-2018-2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын негизинде каралсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Токталиева Миргүлгө жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |