Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3 -марты № 16
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 26.01.2009-ж № 30 мыйзамынын 5,6,10 беренелеринин, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009ж. №386 токтомунун негизинде жайыт комитетинин 2016-жылга карата жайытты пайдалануу боюнча жүргүзгөн ишин жана 2017-жылга карата жылдык планын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеӊешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга 450,0 миң сом план бекитилген болсо, иш жүзүндө 140,0 мин сом чогултулуп, 31,0 % ти түзгөндүгү эске алынсын.
2. Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2016-жылга карата жайыт пайдалануучулар тарабынан төлөнө турган төлөмдөр толук чогултулбай калганы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Каргалык айыл кеӊешинин жыл башында бекитип берген иш-планына ылайык иш алып барбагандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзбөгөндүгү, мараторий жарыяланган жайыттарды пайдаланууга жол бергендиги, корук иштери жана уюштуруу иштери жүргүзүлбөгөндүгү көрсөтүлсүн.
5. Каргалык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери жогорудагы кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
6. Каргалык айылдык кеңешинин 22.07. 2016-жылдагы XXX сессиясында «Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын жеке кайрылуусу» боюнча кабыл алынган № 41 токтомдун 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
7. Каргалык айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгу» 26.01.2009-ж № 30 мыйзамынын 5,6,10 беренелеринин, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009 ж. № 386 токтомунун негизинде Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү сунушталган келишими бекитилсин.
9. 2017-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү: - ири мүйүздүү мал га - 50 сом;
- жаш бодого — 35 сом;
- кой, эчкилерге —10 сом;
- жылкыга — 50 сом.
- Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон, айыл аймактардан келип, келишим боюнча мал багуучуларга: -ири мүйүздүү малга — 80сом.
- кой, эчкилерге - 20 сом;
- жылкыга—80 сом өлчөмүндө төлөнөөрү бекитилсин.
10. Каргалык айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата сунушталган иш планы, сметасы, тарифи бекитилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын коруп, малга талатып жибербөө үчүн 2017-жылдын 10-апрелден 30-апрелге чейин корукту уюштуруу, ички кыштоолордогу корулуучу аянттардын айланасындагы мал багуучуларды ортоңку жайытка көчүрүү жана 10-майдан 20-майга чейин чоң жайлоого көчүрүү иштери уюштурулсун.
12. Айылдарда жана көчө-көчөлөр боюнча бадалар уюштурулуп, айыл ичинде ар бир кожолукта эки баштан ашык уй кармалбасын.
13. Каргалык айыл аймагына караштуу Туу-Тал, Ор-Казган, Көк-Торпок, Жабыке, Сасык-Үңкүр, Жылөөтөк, Акмойнок сыяктуу чоң жайлоолордогу чоп чабынды жерлер көп жылдан бери тынымсыз мал жайлгандыктан деградацияга учурап же такыр болуп кетүү коркунучунда тургандыгына байланыштуу, жайыт калыбына келгенче мал жаюуга тыюу салынып, чоп чабыкка пайланууга берилсин.
14. Каргалык айыл аймагындагы үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык уй, элүүдөн ашык жылкысы бар чоң-чоң фермерлер жана коп мал алып баккан бадачылар алыскы Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине, Бычан, Көк-Cyy жайлоосуна көчүрүлсүн.
15. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы № 17 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык менчиктин түрүно карабастан табигый эгилме жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын тийиштүү уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип отсо, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин 186-беренесине жана 193-беренесине жана жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимге ылайык административдик айып салынсын жана жазында графикте көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, күзүндө 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти бузса, жогорудагы көрсөтүлгөн айыптар салынары эскертилсин.
16. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасы А.Апиевге, орун басары Р.Мусаевге, Казарман айылынын айыл башчысы У.Чыбылдиевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, участкалык инспектор С.Орозматовго, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инспектору Т.Байзаковго милдеттендирилсин.
18. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык кеңешинин торагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
19. Бул токтом жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Жунусакунов |