Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3 -марты № 18
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесинин негизинде Казарман, Чет-Булак айылдарында "Аракет" Коомдук үрөн фондусун ачуу жөнүндөгү чогулуштун токтомун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман, Чет-Булак айылдарында биргелешип уюшулган «Аракет» коомдук үрөн фондусу каттоодон өткөрүлсүн жана коомдук үрөн фондунун уставы бекитилсин.
2. Коомдук үрөн фондунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык иш алып барышын камсыз кылуу жагы коомдук фонддун төрагасы Мелис Үркүнбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |