Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3 -марты № 19
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 16.12.2016-жылдагы №15-91 протоколун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макмалалтын кен комбинатынын коммуналдык турак-жай чарбасы ар бир жылга план боюнча күнүмдүк аткарып жаткан жумуштардын көлөмү 8,0 млн сомдон ашык болуп, ал эми ремонт иштерине өтө чоң суммадагы акча каражатын талап кылгандыктан Каргалык айыл аймагы менчикке алып каржылай албагандыгы белгиленсин.
2. Коммуналдык турак-жай обьектилерин, жыйырма көп кабаттуу үйлөрүнүн (канализация, суу түтүктөрү, ремонт иштери ж. б. алмаштыруучу жабдыктары менен) жасала турган иштерин толук көлөмдүү бүткөрүп берүү жагы (тиркемеге ылайык) Макмал алтын кен комбинатына, ААК «Кыргызалтын» жетекчилигине тапшырылсын.
3. Макмал алтын кен комбинатынын коммуналдык турак-жай чарбасын Каргалык айыл аймагынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилбесин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р. Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |