Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28 -марты № 21
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мейманбеков Алмазбек Мейманбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) 03.03.2017 жылдагы кезектеги V сессиясында кабыл алынган № 14-токтомунун 13 -пункту жокко чыгарылсын.
2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана күтүүнү каржылоого 2% чегерүүдөн түшкөн , калдык болуп жергиликтүү бюджетте турган 5378,0 миң сом акча каражаты Казарман айылынын ички жолдорун асфальттоого бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |