КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 27 -апрели № 31
Тогуз-Topo райондук өнүктүрүү фондусунун бюджеттик каражатынын эсебинен Каргалык айыл аймагына тиешелүү акча каражатын кароо жөнүндө
Тогуз-Topo райондук өнүктүрүү фондусунун бюджеттик каражатынын эсебинен Каргалык айыл аймагына тиешелүү акча каражатынан бөлдүрүп берүү боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешке келип түшкөн кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнө, "Каргалык МТС" муниципалдык ишканасын ачуу менен 11 324 000 (Он бир миллион үч жүз жыйырма торт миң) сомдук техникаларды кредитке алуу үчүн кредиттин өздүк салымы болгон 30% же 3 500 000 сом акча каражаты Тогуз-Topo өнүктүрүү фондусунун бюджеттик каражатынын эсебинен суралсын.
2. Айыл чарба техникаларын жана шаймандарын алуу жагы "Каргалык МТС" муниципалдык ишканасы аркылуу жүргүзүлсүн.
3. Кредиттин калган бөлүгүн жылына 8 пайыздан төлөө жаты "Каргалык МТС" муниципалдык ишканасынын бюджетинен жана Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн жана эки тарапка бирдей милдеттендирилсин.
4. Лизингге алынган техникалар милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлсүн.
5. Лизингге айыл чарба техникаларды жана шаймандарды алууда "Каргалык МТС" муниципалдык ишканасынын директоруна тиешелүү документтерге кол коюу укугуна кат жүзүндө макулдук берүү Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырынсын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Тогуз-Topo райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |