Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7 -июну № 34
«Өнөр жай, курулуш,транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Базаркулов Толкунбектин Тогуз-Topo райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси К.Шергазиевдин отурумга катышпагандыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси К.Шергазиевдин Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылга карата бекитилген иш планында "Райондук жол тейлөө ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери тууралуу жана 2017-жыл ичинде аткара турган иштери тууралуу" маселе 2-кварталга коюлгандыгы жөнүндө төраганын жөнөткөн катын жана бул боюнча тапшырма алган туруктуу комиссиянын төрагасынын өтүнучүн четке кагып отурумга катышпай жана 07.06.2017-жылы өтүлгөн Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын ) кезектеги VIII сессиясына келип маалымат бербегендиги көрсөтүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиянын «өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан айыл аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу» экендигин эске албастан, түз мамиле кылбагандыгы үчүн райондук жол тейлоо ишканасынын жетекчиси К.Шергазиевге тиешелүү чара көрүп берүү жагы Нарын областтык жол тейлөө башкармалыгынан жана райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Тогуз-Topo райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |