Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7 -июну № 35
Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын «Саз» участкасындагы жер тилкеси боюнча жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү зарылдыгын жана жамааттын талабын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Чет-Булак айылынын 24.05.2017-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 6 протоколун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) 1 кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы союз маалында райондук токой чарбасынын картасына кирип калган «Саз» участкасындагы жер тилкеси такталып, Каргалык айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке өткөрүлүп альгасын.
2. «Саймалуу Таш» мамлекеттик паркынан 10 миң га жерди кайтарып алуу боюнча кайрылган Чет-Булак айылынын 24.05.2017-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 6 протоколу эске алынсын жана бул боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М. Акматбековго тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кенешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |