Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7 -июну № 37
"Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Улукбек Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн айыл башчылары: У.Чыбылдиевдин, Н.Балапановдун Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылга. карата бекитилген иш планында "Каргалык айып өкмөтүнүн айыл башчыларынын 2016-жылга карата аткарган иштери тууралуу отчету жана 2017-жылга карата иш планын кароо" деген маселе 2-кварталга коюлгандыгы жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасынын бир нече жолку кайрылуусун четке кагып отурумга катышпай койгондуктары баса көрсөтүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиянын «айыл өкмөтүнүн башчысын жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү адистерин угууга укуктуу» экендигин эске албай, жоопкерчиликтүү мамиле кылбагандыктары үчүн айыл башчылар: У. Чыбылдиевге, Н.Балапановго тиешелүү чара көрүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго ташпырылсын.
3. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |